Б. Асанакунов, Кыргыз Республикасынын шаарлар Ассоциациясынын аткаруучу директору.
Кыргызстандын кичи шаарларынын социалдык, экономикалык жана экологиялык койгойлору.
1991 жылы коз карандысыздыка ээ болгондон бери, Кыргызстандын социалдык-экономикалык онугуусу экономикалык катнаштардын базар системасына отуудогу болгон реформалары менен коштолуп келген. Базар системасына отуу, республика боюнча айрыкча мындай реформаларга даярдыгы жетиштуу болбогон кичи шаарлар учун бир топ социалдык кыйынчылыктарга турду, анткени бул озгортуулор, калк жайгашкан пункттардын озгочолукторун жана мындай иштердин алар учун тийгизген кесепетин эсепке албай туруп жасалгандагы учун болду. Кабыл алынган мамлекеттик регионалдык саясаттын концепциялары жана Кыргызстандын кичи шаарларынын социалдык-экономикалык онугуу программалары кичи шаарлардын койгойлуу маселелерин чечип бере алган жок, аны менен бирге женилдиктерди пайдаланууга жана дотацияларга таянган кичи шаарлар менен шаар тибиндеги айылдардын онугуусун реформалоо жолдору озулорунун болгон мумкунчулукторун туготуп буткон.
Социалдык-экономикалык ар турдуулукторго карабастан, Кыргызстандын кичи шаарлары ресурстардын чектелгендигинен тартып инфраструктуралык системалардын эскиргендигине чейинки социалдык-экономикалык койгойлорду камтыган маселелерди чечуу учун биргелешип алышкан. Социалдык кызмат корсотуулордун коптогон турлору шаардыктардын кобу учун жеткиликсиз, таза суу, жылуулук беруу, канализация системасы жана газ менен камсыз кылууда орчундуу койгойлор келип чыгууда.
Статистикалык маалыматтарга ылайык республикада 5 миллиондон бир аз кобуроок адам жашайт, алардын 35 %ы шаарларда жашайт.
1999 жылы болуп откон кайра каттоолорго ылайык, республика боюнча шаар калкынын улушу 1989 жылга салыштырмалуу 38,9%дан 35%га чейин ылдыйлаган. Ылдыйлып кетуу бардык шаарларда, айрыкча републиканын кичи шаарларында болгон. Ошол эле мезгилде Бишкек шаарында калктын саны ички мигранттардын агылп келуусунун натыйжасында тескерисинче 23%га оскон.
Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2001ж. 31 декабрындагы №843 «Кыргыз Республикасынын кичи шаарлар жана шаар тибиндеги айылдардын онугуусунун Мамлекеттик Концепциясы жонундогу» Токтомуна ылайык, шаарлар ири (Бишкек жана Ош), орточо жана кичи шаарларга болунот. Таблицада калктын санына жараша орточо жана кичи шаарлардын тизмеси корсотулгон.
Ошентип, кичи шаарлардын онугуусунун Концепциясына ылайык, шаарлар ири, орточо жана кичи шаарларга болунот.
Кыргызстандын орто жана кичи шаарларынын типтери.
Орточо шаарлар (30 минден 100 мин адамга чейин) |
Кичи шаарлар (30 мин адамга чейин) |
Жалал-Абад |
75,1 |
Кызыл-Кыя |
32,8 |
Каракол |
64,9 |
Таш-Комур |
23,6 |
Токмок |
57,5 |
Кант |
22,0 |
Кара-Балта |
45,1 |
Кара-Суу |
20,8 |
Балыкчы |
41,5 |
Майлуу-Суу |
20,3 |
Озгон |
43 |
Кара-Куль |
18,5 |
Нарын |
41,4 |
Исфана |
16,9 |
Талас |
34,1 |
Сулукту |
13,8 |
|
|
Баткен |
11,9 |
|
|
Кок-Жангак |
107 |
|
|
Шопоков |
9,1 |
|
|
Чолпон-Ата |
9,0 |
Эскертуу. Кочкор-Ата жана Ноокат шаарлары шаар статусун 2003 жылы, ал эми Кербен 2004 жылы алышты (шаар катары официалдык статистикалык маалыматтар жок).
Кыргыз Республикасынын ири, орто жана кичи шаарларынын салыштырмалуу салмактары (шаарлардан саны жагынан).
Шаарлар |
Шаарлардын саны |
Салыштырмалуу салмак, % |
Ири шаарлар |
2 |
9,1 |
Орточо шаарлар |
8 |
36,3 |
Кичи шаарлар |
15 |
54,5 |
Бардыгы |
25 |
100,0 |
Кыргыз Республикасынын ири, орто жана кичи шаарларынын салыштырмалуу салмактары (жашоочулардын саны жагынан)
Ири шаарлар |
993,2 |
61,1 |
Орточо шаарлар |
410 |
25,2 |
Кичи шаарлар |
229,5 |
14,1 |
Бардыгы |
1625,2 |
100,0 |
Азаркы тапта Кыргыз Республикасында башкаруунун 4 баскычы (борбордук, областтык, райондук жана муниципалдык) иштеп жатат. Болуп жаткан мамлекеттик бийликти децентралдаштыруу процесстеринин натыйжасында коптогон функциялар бийликтин жергиликтуу баскычтарына же шаардык муниципалитет баскычтарына откорулуп жатат, себеби 1998-2002 жылдары буткул шаар жайгашуулары жергиликтуу озун-озу башкаруу принциптерине отушкон, андыктан административдик-аймактык уюштурууларга ылайык шаарлар областтык жана райондук денгээлдеги шаарларга болуштурулгон. Буга жараша биринчи группага 12 шаар жана экичи группага 11 шаар кирет. Мындай шарттык болуштуруулор шаарлардын онугуусуно терс таасирин тийгизуудо. Мисалы, борбордук жана регионалдык статистикалык кызматтар дагы ар бир шаар учун социалдык-экономикалык корсоткучтор боюнча эсеп жургузушпойт, мындай маалыматтар башкаруунун областтык жана райондук жыйынтыктоолорунда корсотулгон, бул болсо озунчо аналитикалык жана салыштырмалуу издоолорду откоруудо кыйынчылыктарды туудурат.
Айрым шаарларда дагы бир маанилуу койгой болуп административдик-аймактык болуулордун мыкты эместиги саналууда, мындайда шаарлардын курамына бир канча айыл-окмоттор же шаар тибиндеги айылдар кошулуп кетет, бул учурда башкаруу жана жонго салуу процесстериндеги шаар менен айылдын кызыкчылыктарын рационалдык турдо айкалыштыруу жургузулбойт. Алсак, 11 мин калкы, онуккон инфраструктурасы бар жана бир топ потенциалга ээ болгон Шамалды-Сай шаар тибиндеги айылы койгойлуу Таш-Комур шаарынын курамына кирет жана андан 30 чакырым алыстыкта турат. Мындай мисалдар коп.
Озунун онугуусундо айрыкча тоскоолдуктарга бир эле учурда областтын жана райондун курамына кирген шаарлар дуушар болушту. Мындай абал Каракол, Токмок, Баткен, Нарын шаарларында жаралды. 2003 жылы Каракол жана Токмок мыйзам чыгаруу актыларына ылайык райондун курамынан чыгышты, ошентсе да шаар менен айылды экономикалык жактан эч кандай негизсиз эле кошуп салуунун кесепети булардын онугуусуно копко чейин залакасын тийгизип журду, акыркы 3-4 жылдын ичинде гана абал озгорду.
Мындан тышкары, коомдук-мамлекеттик башкаруунун бардык баскычтар арасында ыйгарым укуктарды эффективдуу болуштуруу боюнча суроолордо тактык жок. Шаардык башкарууну унификациялоо жасалган жок. Айрым шаарлар кобуроок ыйгарым укуктарга ээ болсо, башкаларында мындай ыйгарым укуктар ченебегендей аз же таптакыр эле жок. Оз алдынча болууну регламентточу укуктук негиздерге карабастан, райондук денгээлдеги шаарлар райондук мамлекеттик администрациядан кыйла эле коз каранды, айрыкча каржы маселесинде. Абдан онтойлуу абалга областтык денгээлдеги шаарлар ээ, булардын кол астында башкаруунун шаардык структуралары бар. Башка шаарлар, атап айтканда – райондук денгээлдеги шаарлар (Озгон шаарын кошпогондо) мындай структураларга ээ эмес.
Негизги финансалык жана экономикалык проблемалар. Республикада муниципалитеттердин финансалык-экономикалык жактан оз алдынчалыгына карата укутардын онуккон базасы тузулгон, бирок анын ишке ашуусу озунун баштапкы гана стадиясында. Жергиликтуу бюджетти калыптануусу азырынча борборлоштурулган жана республиканын мыйзам чыгаруусу тарабынан муниципалитеттердин карамагына берилген фукциялардын аткарылуусун эске албайт. Мындан тышкары, акыркы 5 жылдын ичинде мамлекеттик бюджеттин структурасында жергиликтуу бюджеттин улушунун азайып кетишинин туруктуу тенденциясы байкалууда. Эгерде 1995 жылы республикалык жана жергиликтуу бюджеттердин киреше олчомдорунун бири-бирине болгон катышы болжол менен бирдей болсо, 2000 жылы болсо бул катыш 2,5 эсе азайган, ал эми 2005 жылы мындан да азайган. Шаардык бюджеттердин структураларынын дээрлик бардыгы 90%га элдик билим берууго кеткен чыгымдардан турат, чыгымдардын калган 10%ы мыйзам чыгаруу тарабынан озум билемдике откоруп берилген калган фукцияларга (мэриянын аппаратын жана шаардык башкарууну багууну кошуп) жумшалат. Мындай кырдаалда озун-озу камсыз кылуу, озун-озу финансалоо жана озун-озу жонго салуу сыяктуу салтанаттуу жарыяланган жергиликтуу озун-озу башкаруунун принциптери ишке ашпайт жана башкаруудагы алардын ролу дээрлик минимумга келтирилет.
Шаардык чарбанын инфраструктурасынын жана кызмат корсотуулордун денгээлинин абалы.
Социалдык – экономикалык озгортуулордо реформалоо жана шаардык чарбанын кайра жаралуусу мамлекеттик гана эмес жергиликтуу башкаруунун коз карашы боюнча да башкы багыт болуп саналышы керек. Шаарлардын басымдуу копчулугундо шаардык чарбанын абалын ото эле кейиштуу десе болот, бул чойродо койгойлор ушунчалык орчундуу болгондуктан, маселе жашоону камсыз кыла турган инфраструктураны сактап калуу тууралуу болууда.
Бул комплексти азыркы келбетинде толук бойдон багуу тармактын да шаардык муниципалитеттердин да колунан келбеди. Коммуналдык ишканалардын ишинде элдин жана бюджеттик уюмдардын корсотулгон кызматтар учун тологон акчалары уюмдардын бирден-бир киреше булактары болуп саналууда, бирок элдин толоолорунун аз олчомдо жыйналышы (20% дан-50%га чейин), шаардык бюджеттик уюмдардын чон карыздары бул уюмдардын банкрот болушуна алып келди, ал эми техника менен ондуруштук база ыйгарым укуктуу администраторлор тарабынан топтолуп кеткен карыздардан кутулуу учун сатылган. Мындай тагдырга Токмок, Чолпон-Ата, Кызыл-Кия, Сулюкта, Ноокат ж.б. шаарлар дуушар болушту. Калган шаарлардагы уюмдардын башка бир болугу коп сандагы кредиторлук жана дебиторлук карыздарга баткандыктан булардын келечеги да койгойлуу.
Озгочо чочулоону шаарды таза суу, жылуулук, канализация, жарык жана газ менен камсыз кылуучу инженерлик тармактагы жабдуулардын абалы жаратат, булардын кызмат кылуу жана эксплуатациялоо мооноту небак буткон, ал эми мамлекетик жана муниципалдык органдардын каржылоосунун болбогондугунан бул жабдуулар калыбына келтирилбейт, белгиленген тармактагы тез-тез болуп туруучу авариялар адаттагы корунушко айланган. Мисалы Кызыл-Кия шаарында акыркы жылы гана туйундордо 400дон 600го чейинки авария катталган.
Таза суу жана канализация менен камсыз кылуу. Шаардагы койгойлордун арасынан калкты сапаттуу таза суу менен камсыз кылуу маселеси эн орчундуу болуп келет. Бул тармактагы койгойлор томонкудой багыттарга болунот:
- Канализация жана таза суу беруу системаларынын (суу тутуктору, жабдуулар) эскиргендиги;
- Суу беруу булактарынын кубаттуулугунун жетиштуу эместиги;
- Тазалоо жана жугушсуздандыруунун жоктугу, башкача айтканда суу озунун сапаты боюнча ГОСТ «Ичуучу суу» талаптарына жооп бербейт;
- Агып келуучу сууну тазалоо учун салынган атайы куруулардын жоктугу;
- Агып келген суунун иш жузундогу агымына тазалоочу куруулардын проект боюнча каралган кубатынын туура келбеши;
- Суу беруу ишканаларынын техникалык жактан начар жабдылгандыгы.
Шаарларда суу беруу булактары болуп жер алдындагы жана ачык булактар (дарыялар, булактар) саналат. Шаарлардын кобундо суу алуучу куруулар керектуу олчомдогу сууну бере албайт. Талас, Кант шаарларында сууну алуучу булактар бар, бирок техникалык куруулардын кубатынын жетиштуу болболгондугунан суу керектуу денгээлде берилбейт. Бул куруулар илгери салынган, жана алар мынчалык узак мезгилге чакталган эмес, ошондой эле жаны ишканалардын пайда болушуна жана калк санынын осушуно жараша алдын алынган эмес.
Кызыл-Кыя, Чолпон-Ата, каракол, Майлуу-Суу шаарларында суу беруунун ачык булактарындагы таза сууну даярдоочу куруулардын курамы жаан-чачын, сел ж.б. кубулуштар болчу мезгилге тиешелуу денгээлде чакталган эмес.
Шаарды онуктууруунун «Генералдык планын» эске албай туруп эле, жаны курууларды салуу учун чон аянттагы жерлерди болуп беруу тууралуу интенсивдуу турдо жана экономикалык жактан ойлонбой туруп чыгарган шаардык башкаруунун чечими зор аянттагы жашоочу конуштардын узак убакыттан бери суу беруу инфраструктасынын жоктугуна алып келди, бул болсо массалык турдогу социалдык нааразычылыктын очогуна айланган. Ушундай абал Талас, Нарын, Каракол, Чолпон-Ата, Кара-Суу, Озгон шаарларында тузулду. Мисалы, Талас шаарында суу беруунун борборлоштурулган системасы менен камсыз болгон калктын улушу болгону 32%ды, Сулуктудо 60%ды, Нарында 68%ды, Караколдо 65%ды, Кызыл-Кыяда 50%ды тузот.
Таза ичуучу сууга жетишкен шаар калкынын улушу жылдан жылга азайууда. Негизинен баардык эле шаарлардын суу беруу системалары 1940-60 жылдары салынган, кызмат мооноту эбак эле буткондуктон алардын баардыгы эскирген.
Балыкчы шаарында калктын муктаждыгын камсыз кылуучу 15 мин м3/сут. олчомдогу суунун ордуна эскирген суу тутуктордогу агып кемуулордун себебинен суткасына 56 мин м3 суу берилет. Каржылоо каражаттардын коломунун жетишсиз болгондугуна байланыштуу чынында суу тутукторун оз убагында алмаштыруу ишке ашырылбайт.
Талас шаарында, шаардын агынды сууларын тазалоочу куруулардан 100-200 метр аралыкта жайгашкан жаны конуштун жашоочулары сууну озулору казып алышкан 3-6 метр терендиктеги кудуктардан алышат. Тазалоочу куруулар болсо жабдуулардын тонолуп кеткендигине байланыштуу иштебей калган. Шаардын тазаланбаган агынды суулары жаны конуштун ойдо жагындагы табигый арыка барып кошулууда. Бул райондогу жердин катмарын эске алганда, тазаланбаган агынды суулардын кудуктар азыктаануучу горизонтко чейин тушуп кошулушу толук мумкун.
Нарын шаарында жаны конуштардан сырткары айрым аймактарда суу беруу чарбачылыгы тузулгондон тартып эле суу беруу туйундору болгон эмес. Бул аймакта суу алуучу колонкалардын ортосундагы жакынкы аралык 2 - 2,5 чакырымды тузот. Калктын суу беруу системасы менен болгон камсыздыгы болжол менен 68%ды тузот. Бул жердеги климаттык шарттын катаалдыгынан улам кышкысын шаардагы суу алуучу колонкалардын 50-60% тонуп калгандыктан иштебейт. Ушундан улам кышкысын тонбой турган суу алуу колонкаларын салуу муктаждыгы келип чыгат.
Каракол, Кызыл-Кыя, Чолпон-Ата шаарларында суу тазалоочу куруулардын ондурумдуулугунун жетиштуу болбогондугунан улам жазкы жана жайкы жаан-чачын убагында шаарга кирген суу ГОСТ тун бир да параметрлерине жооп бербейт.
Ал эми канализация боюнча акыбал мындан да оор. Борборлоштурулган канализация менен камтылган калктын пайызы болжол менен 15-25%ды тузот. Мисалы Нарын шаарында ички канализация системасы бар беш кабаттуу уйлордун 3до кочо коллекторунун жоктугунан улам агынды-кир суулар шаардын эле аймагына агып тушот. Мындай корунуш Таш-Комур шаарында да байкалат.
Шаарлар Ассоциациясынын эсперттери жургузгон агынды сууларды тазалоочу куруулар боюнча изилдоосунон маалым болгондой, Кант, Кара-Суу, Сулукту сыяктуу коптогон шаарларда тазалоочу куруулар такыр эле жок, ал эми мындай курууларга ээ болгон шаарларда биологиялык тазалоосу иштебейт (Нарын, Чолпон-Ата, Каракол, Шопоков, Кант жана туштук шаарлардын баарында). Балыкчы шаарында салынган 36мин м3/сутка проекттик кубаттулуктагы тазалоочу куруулар
эксплуатацияга таптакыр эле берилген эмес жана ушул учурда иштебей турат.
Тазаланбаган агынды суулар суу алуучу булактардан 500 метр аралыктагы биоколмолорго агып тушот. Шопоков шаарында соруучу башкы станциядан тазалоочу курууга чейинки басым беруучу коллектордун жарактан чыгуусунан улам биологиялык тазалоо иштебей калган. Сорручу аппарат иштеген учурда суунун басымы менен суу тутукторунун трассасынан фонтандар атырылып чыгат. Суу тутукторун ремонттоо эффектти пайда кылбайт, себеби суу тутукторундогу баскан датты сварка эритип кошо албай аларды куйгузуп жиберет. Ушундай корунуш суу басымынын туйундору бар бардык шаарларда байкалат.
Мурунку убакта бардык тазалоочу курууларда проект боюнча тазаланган сууларды жугушсуздандыруучу станциялар каралган. Бугунку кундо шаарлардын дээрлик баардыгында жугушсуздандыруу жургузулбойт, жургузулгон кундо да бул эмгек кол менен жасалат. Хлор акиташтарынын эритиндилери эн жонокой челектерде даярдалат, ага кургак хлорду да кошуп жиберишет. Токмок шаарында гана бул процесс боюнча маселе ийгиликтуу чечилген. Мындай канааттандырарлык эмес абалдын тузулушунун башкы себептеринин бири болуп водоканал ишканаларында акча каражатынын жоктугу саналат. Бул системанын негизги каржы булагы катары суу учун толоо эсептелет.
Во многих городах, например в г. Балыкчи, тарифы за воду высокие (3,88 сома с населения и 15,8 с предприятий). Учитывая, что основными потребителями воды являются предприятия бюджетной сферы и население, основная часть которого неплатежеспособна, возникает необходимость снижения тарифов и поиск альтернативных источников, главным образом из естественных источников.
Коптогон шаарларда, мисалы Балыкчы шаарында, сууга толоонуучу тариф жогору (калк учун 3,88 сом жана ишканалар учун 15,8 сом). Суунун негизги пайдалануучулары бюджеттик чойродогу ишканалар жана кобун эсе акы толой албай турган калк экендигин эске алсак, анда тарифтерди ылдыйлатуу жана табигый булактардын арасынан эки тарапты тен ынандара турган булактарды табуу зарылдыгы туулат.
Таштандыларды чогултуу жана чыгаруу.Таштандыларды чогултуу жана чыгаруу айрыкча шаардык муниципалитеттердин компетенциясына кирет, бирок бул фукнцияларды аткарган уюмдардын жекечелик формалары ар турдуу. Шаарлардын кобундо бул уюмдар акционердик коомдорго айланышкан, андан кийин акциялардын мамлекеттик улушу муниципалитеттердин жеке менчигине берилген. Акциялардын ар кайсы шаарлардагы улушу 51%дан 95%га чейинки аралыкта озгоруп турат.
Шаардагы таштандыларды чыгаруу боюнча тарифтерди жергиликтуу кенештер коёт жана тарифтердин олчому негизинен кеткен чыгымдарга туура келет. Таштандыларды чыгаруу маселеси менен алек болгон коммуналдык ишканалар эреже катары зор карыздарга батышкан, мунун бир нече себептери бар: калктын толук эмес камтылышы, калк менен гана эмес юридикалык жак менен да таштанды чыгаруу боюнча келишимдер жок, элдин жана бюджеттик уюмдардын карызы.
Канализация системасынын жоктугу, сырткы ажаатканалардын (Озгон, Кара-Суу, Сулукту), куюлуучу андардын жана септиктердин кобойушуно алып келет. Белгиленип кеткен себептерге байланыштуу аларды тогуп-чыгаруу графиктеринин систематикалык турдо бузулуп туруусу, муну менен катар жайландыруу жана таштанды чыгаруу жумуштарын аткаруучу уюмдардын (булардын дээрлик бардыгы чектеш функцияларды аткарышат) материалдык-техникалык базасынын начарлыгы, салык жана айлык акы боюнча зор карыздар шаарлардын жалпы санитардык-эпидемиологиялык абалына оболгосун тийгизуудо.
Ошондой эле, шаардык таштанды аянтчаларынын окунучтуу абалы, жайланыштырылбагандык, тосмолордун жоктугу, таштандыларды комуу жана рекультивациялоо механизмдеринин жоктугу шаарлардын экологиялык коопсуздугуна оз таасирин тийгизбей койбойт. Бардык шаарларда мындай айткандагы медициналык таштандыларды (шприцтер, колдонулган бинттер, адам органдарынын айрым фрагменттери) жоготуу маселеси чечилген эмес.
Социалдык инфраструктура.
Элге билим беруу, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт объекттеринин копчулугу муниципалдык менчикте жана буларды кутуу муниципалитеттердин компетенциясына киргизилген. 60-70 жылдары салынган жана капиталдык ондоодон отпогон имараттардын абалы ото кооптуу. Шаар баланстарында 30- жылдары салынган мектептер бар. Нарын шаарындагы музыкалык мектеп 30-жылдары салынган жана 14 контрамарканын жардамы менен комур жагуу аркылуу жылытылат, ал эми Талас шаарындагы мектеп ото кооптуу жана аран тургандыктан атайын кызматтар тарабынан колдонууга тыюу салынган, ага карабастан бул мектепте балдар билим алууда.
Коптогон шаарларда кайра салынган конуштарда мектеп жана ооруканалар жок, болсо да ылайыксыз жайларда жайгашкан, балдар 3 смена болуп окуган учурлар да аз эмес.
Тамдын усту рубероид менен жабылган мектептер, бала бакчалар жана ооруканалар тамдын тобосунон такай аккан суудан улам озгочо койгойду туудурат, шифер менен чатыр турундо кылып жапмайынча аварияны жоготууга жумшалган аракеттер текке кетуудо.
Эреже катары бул мекемелерди жылытуучу ысыткыч казандардын чарбасы шаардын карамагында. Ысыткыч казандардын жабдууларынын эскиргендиги, туйундордогу жылуулуктун жоголушу, чыгарылган жылуулуктун оздук наркынынын чондугу шаардык бюджетке бир кыйла оболгосун тийгизуудо. Шаарлардын кобундо жергиликтуу арзан баадагы отундар пайдаланылбайт, себеби ысыткыч казандардын жабдуулары озгортуп ондоого ынгайлашылган эмес. Ушундай эле абал суу беруу-канализация чарбасында да тузулгон.
Шаарлардын инфраструктурасын реабилитациялоодо эл аралык уюмдардын кичи шаарларга жардам бериши.
Эл аралык уюмдардын жардамы менен шаарлардын дээрлик бардыгында сонку мезгилдеги онугуу Стратегиясы иштелип чыккан. Стратегияны иштеп чыгуу жана кабыл алуу Кызыл-Кыя, Токмок, Кара-Балта, Нарын, Озгон, Балыкчы шаарларында Дуйнолук банк жана Урбан институт Бишкек тарабынан, ал эми Кара-Суу, Кара-Куль, Таш-Комур, Майлуусуу, Кант жана Чолпон-Ата шаарларында Сорос Кыргызстан Фонду тарабынан колдоого алынган.
Дуйнолук банктын «Инфраструктура жана кичи шаарлардын потенциалын жогорулатуу» долбоору 2005 жылы 7 шаарда ишке ашырыла баштаган, азыркы тапта иш 17 кичи шаарда уланууда, ал эми 2007 жылы дагы 6 шаарда улантылат. Долбоордун бюджети 15 миллион АКШ долларын тузот. Жумуш суу беруу системасы жана коммуналдык техникага ээ болуу боюнча журуп жатат. Бул сферада республикага чон жардамды Азия Онугуу Банкы, ПРООН, USAID, Мерси Ко, Швейцария, Япония, Германия жана башкалар корсотуудо.
Ар турдуу эл аралык уюмдарда гранттарды беруунун шарты ар башкача. Азиялык онугуу банкынын негизги шарттарынын бири болуп жергиликтуу бийлик органдары тарабынан долбоордо каралган сумманын 5%ынан кем эмес олчомдогу каржылоосу эсептелет, шаардын бюджетинде жада калса ушул каражаттар да болбогондуктан коптогон долбоорлор кароого берилген эмес. ПРООНдун долбоорлорунда жаны жумушчу орундарын тузууго жана долбоордун туруктуу болушуна чон конул бурулат. Бишкек Урбан институту болсо шаардын жана жашоочулардын келбетин ондоого багытталган жана жергиликтуу озун-озу башкаруу органдар тарабынан да кошумча каржылана турган долбоорлорду колдойт. Гранттык долбоорлордун негизги шарты болуп шаарлардын жергиликтуу бюджет же муниципалдык менчик боюнча коомдук угууларды откоруусу эсептелет.
Мерси Ко уюму мектептин жана оорукананын капиталдык ремонтуна, кобунчо тамдын устун реконструкциялоо жана коммуникация менен инженердик системаларды калыбына келтируудо жардам берет.
Грант алуучулар болуп жергиликтуу озун-озу башкаруу органдары, коомдук уюмдар, коммерциялык тузулуштор жана кондоминимумдар саналат. Гранттардын олчому анча чон эмес, жана алар негизинен шаарлардын локалдык койгойлорун чечет. Азиялык онугуу банкы булардан озгочолонуп азыркы учурда бутундой отурукташкан пункттарды ичуучу суу менен камсыз кылуу, ошондой эле мектептердин жана ооруканалардын ремонту менен байланышкан чон долбоорлорду колдойт. Грант каражаттарынын жалпы колому эреже катары жергиликтуу озун-озу башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын активдуулугуно, ошондой эле долбоордук сунуштарды туура даярдоо шыгына жараша болот. Ушул себептен айрым шаарларда бир эле убакта бир нече эл аралык уюмдар иштешет жана шаардык чарбанын коптогон койгойлору чечилуудо.