logo_old2

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТ?? ?З АЛДЫНЧА БАШКАРУУЛАРДЫН СОЮЗУ


СОЮЗ   МЕСТНЫХ   САМОУПРАВЛЕНИЙ   КЫРГЫЗСКОЙ   РЕСПУБЛИКИ

logo msu

На главную Поиск
Русс/Кырг English

Актуально

все события





Полезные ссылки (веб-сайты)

Бишкекский городской Кенеш

   www.gorkenesh.kg

Бишкекский единый

информационный центр


   www.e-bishkek.kg


Главная -> Жанылыктар -> Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Жалпы жыйынынын өтүшү

13.06.2017 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Жалпы жыйынынын өтүшү

32017-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун республика боюнча 40 райондон, Бишкек, Ош шаарларынан жана 12 облустук деңгээлдеги шаарлардан келген өкүлдөрдон болуп 49 делегаттын катышуусунда Жалпы жыйыны болуп өттү.Бул Жалпы жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А. Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан уюштуруу – инспектордук иштер жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу болумунун жергиликтуу оз алдынча башкаруу секторунун башчысы Ж.А. Асанкулов,  Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын өкүлү А.А. Надралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча  мамлекеттик агенттигинин директору Б.У. Салиев катышышты.Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү багытында иш алып барган мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү да конок катары келишти. Жалпы жыйынды өткөрүү максаты – Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жаңы курамын  шайлоо жана 2017-2020-жылдарга Союздун Программасын бекитүү. 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында шайлоолор өтүп, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары шайланган. Шайлоолордун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 60-70 пайызы жаңыдан шайлангандыктан Союздун Башкармалыгынын жаңы мүчөлөрүн шайлоо муктаждыгы жаралган.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу 2009-жылдан бери республика боюнча баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башын бириктирип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун негизги максаттары, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү, анын кызыкчылыктарын борбордук жана жергиликтүү деңгээлде көрсөтүү жана коргоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү ченемдик-укуктук актыларын иштеп чыгуу процесстерине катышуу жана мыйзамдардын аткарылышына көмөктөшүү болуп саналат.Жалпы жыйындын жыйынтыгында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун Башкармалыгынын 9 мүчөсү шайланды:

1. Бишкек шаарынын Кеңешинин төрагасы – Музуралиев К.Б.;

2. Ош шаарынын мэри – Кадырбаев А.Т.

3. Чүй облусунан Токмок шаарынын мэри – Шамыралиев Ж.Дж.;

4. Ысык-Көл облусунан Балыкчы шаарынын мэри – Мамбетов А.И.;

5. Нарын облусунан Нарын шаарынын мэри – Алымкулов Э.А.;

6. Баткен облусунан Кызыл-Кыя шаарынын мэри – Топчубаев Э.А.

7. Талас облусунан Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы – Батырбекова А.А.;

8. Ош облусунан Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Баатыров К.М.;

9. Жалал-Абад облусунан Токтогул районундагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы – Жайылов Т.Т.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Башкармалыгынын төрагасы болуп – Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдраимович шайланды.

Ошондой эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрү жана төрагасы шайланды:

1. Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы – Дженбаева Н.Е. 

2. Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы – Эмилов Б.А. 

3. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы – Азизов К.С.

Ревизиялык комиссиянын төрагасы болуп Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы – Эмилов Б.А. шайланды.

Ошондой эле, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун 2017-2020-жылдарга карата Программасынын жана иш-планынын долбоорлору негиз катары жактырылды.

Награда

diplom_min Ассоциация городов КР награждена совместным дипломом ООН-ХАБИТАТ и Всемирной организации "Объединенные города и местные власти"





Адрес:


Телефон:

Факс:

e-mail:

веб-сайт:

Кыргызская Республика, г.Бишкек, 720040,

ул.Киевская, 96 "б", офис 313, 314

+996 312 62-61-51, +996 312 62-61-50, +996 312 62-08-83

+996 312 62-08-83

msu.kg@mail.ru

www.citykr.kg