Анонсы МСУ / архив

Фотогалерея / архив

Баннер


Бүгүн Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨПтүн долбоору менен Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен «Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү” темасында парламенттик угуу өттү.

Иш-чарага өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдордун, өлкө аймагынан чакырылган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Парламенттик угууда Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун директору Алманбетов Омүрбек Бадыевич атайын дайындалган төмөнкү Баяндамасы менен чыкты.




Урматтуу Парламенттик угуунун катышуучулары!

Бүгүнкү Парламенттик угууга алып чыгып, каралып жаткан бюджеттер аралык мамилелердеги көйгөйлөр чындыгында учурда аябай актуалдуу болуп турат. Бюджеттер аралык мамилелерден келип чыгуучу таасирлерден айыл жана шаар жерлериндеги калктын жашоо-турмуш деңгээлинин сапаты көз каранды. Анткени, өлкөбүздүн ар бир жараны шаардык же айылдык жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуу менен бирге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу кызматтарды да пайдаланып келебиз.    

Калктын  жалпысынан  бийликке  болгон  мамилеси  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун абалына жана жарандардын керектөөлөрүн канааттандыра алуу жөндөмдүүлүгүнө көз каранды болоору белгилүү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин соңку эки жылдан бери жүргүзүп жаткан аймактарды өнүктүрүү боюнча саясаты жергиликтүү бюджеттерге тиешелүү болгон кырдаалда да өз ордун табышы керек болчу.

Бирок маалыматтар көрсөтүп тургандай, жергиликтүү жана республикалык бюджеттер ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүү аймактарды өнүктүрүүгө карата өлкөнүн артыкчылыктарын көп жакшы эсепке алынбай жатат. Натыйжада көпчүлүк ЖӨБ органдарына өз функцияларын жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды сапаттуу аткаруу үчүн ресурстар жетишсиз болууда.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 110 беренесинин 4 пунктунда “ Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат” деп белгиленген. Ошондон улам, жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин туруктуулугу жана өсүшү мамлекеттик саясаттын маанилүү маселелердин бири болуга тийиш деп эсептейбиз. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Региондорду өнүктүрүү боюнча жарлыктарында да белгиленген.

Акыркы он жылда Республикалык  бюджеттин  киреше бөлүгү туруктуу  темп  менен өсүп келе жатканын көрсөк болот. Ошол эле учурда,  жергиликтүү  бюджеттердин  кирешеси дээрлик өскөн жок. Бул жаатта өсүш 2011-2012-жылдары гана байкалган. Андан соң үч жыл бою жергиликтүү  бюджеттердин  кирешесинин  жалпы  көлөмү  төмөндөп  жатты.  Ал эми 2014-жылдан  баштап жергиликтүү  бюджеттердин  көлөмүнүн  динамикасы  дээрлик  жокко  эсе.

Ошону  менен  бирге  жергиликтүү  бюджеттердин  кирешесинин  үлүшү  республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жыйынды көлөмүндө туруктуу түрдө азаюуда.  Мунун  баары  бир  нерседен  кабар  берет:  жергиликтүү  маанидеги  маселелерге,  анын ичинде инфраструктура боюнча оор финансылык милдеттенмелерге каражат бөлүнбөй калууда.

Бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүү саясаты

Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан теңдештирүүчү гранттарды эсептөөнүн формуласы ачык-айкын эместигин, жыл сайын бөлүнүүчү трансферттердин көлөмү канчалык акыйкат эсептелгенин билүү мүмкүн болбогонун көп убакыттан бери айтылып келүүдө.

Бул маселе боюнча Эмил Токтакунович, өзүңүз дагы Республикалык бюджеттин мыйзам долбоору талкууланып жатканда айткансыз. 2016-2019 жылдарга кабыл алынган бюджеттер аралык мамилелер боюнча Концепцияда дагы теңдеширилүүчү гранттын формуласы кайрадан каралып чыгат деп белгиленген. Тилекке каршы ал меселе эле эмес, Концепцияда каралган көп иш-чаралар аткарылбай калган.

Бүгүнкү парламенттик угууда катышып жаткан айыл өкмөт башчылары жана эксперттер алдыда бул жөнүндө кененирээк баяндама жасап беришет.

Жөнгө салынган кирешелерди бөлүштүрүү саясаты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жалпы  мамлекеттик  салыктарды  бөлүштүрүү  системасындагы  соңку  эки жылда киргизген өзгөртүүлөрү негизинен оң таасир тийгизүудө. Республикалык маанидеги салыктардан кирешеден түшүүчү салыктан жергиликтүү бюджеттерге чегерилүүчү көлөмүн 70 пайызга чейин жеткиргени өткөн жылы жергиликтүү бюджетке кошумча 1,5 миллиард сом киреше кошулду. Албетте, бул чон жардам.

Ошол элу учурда статистиканын тандалма маалыматына таянсак, киреше салыгынын жергиликтүү бюджетке  түшкөн  үлүшүн  пландуу  түрдө  көбөйтүүсү,  сатуудан  алынган салыктан түшкөн үлүшүн азайтуудан жоготкон чыгымдын ордун толуктай алган жок.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү бул кабыл алынган чара, өзгөчө шаардык  бюджеттердин  кирешесинин  абалына  өтө  терс  таасирин  тийгизгенин  ырасташууда. Анткени соода негизинен шаарларда өнүккөн.

Мисалы, Кара-Балта шаарынын бюджетинин жоготуулары жылына 70 млн. сомду, Чолпон-Ата шаарыныкы 20 млн. сом, Кайыңды шаарыныкы 20 млн. сомду түздү. Ал эми айрым айылдык аймактар жылына орточо эсеп менен 1 млн. сом жоготуп жатышат.

Киреше  салыгынын  үлүшүн  көбөйтүп, сатуудан  алынган  салыктан  түшкөн  кирешени  кыскартып койгону,  айыл аймактар  үчүн  жакшы пайда алып келбейт.  Бул норма соода өнүкпөгөн,  социалдык  чөйрөдө  иштеген  мамлекеттик  мекемелердин  кызматкерлери  төлөгөн салыктын  эсебинен  гана  бюджети  толукталган  чакан  муниципалитеттер  үчүн  пайдалуу. 

Ошол эле учурда  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары    киреше  салыгынан  түшүүлөр  көбөйгөн  учурда  теңдештирүүчү гранттын суммасы азайтылып калышы мүмкүндүгүнөн чочулап жатышат.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык багыттагы муниципалдык объекттер үчүн электр энергиясына коммерциялык тарифтерди колдонуу канчалык акыйкат болгонун көп сурашат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикири боюнча, киреше алып келбеген объекттер электр энергиясын бизнес үчүн каралган ставкалар боюнча төлөбөшү керек деп эсептешет көпчүлүк айыл өкмөттөрдүн башчылары.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды бөлүү

Дем  берүүчү  (үлүштүк)  гранттарды  берүү  практикасын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары  жалпысынан колдошот,  себеби  бул  грант  өнүгүүгө  багытталган  долбоорлорду  ишке  ашырууга  мүмкүнчүлүк берет. Бул система киргизилген учурдан бери аны жакшыртуу боюнча бир топ чаралар көрүлгөн.

Бирок ушул күнгө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айрым кемчиликтерин белгилешип, аларды оңдоонун үстүнөн иштеш керектигин айтышат.

Анткени 2015 жылда болгон өзгөртүүлөр  менен  аз  камсыз  болгон  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын  кош  каржылоого катышуу  үлүшү  10  пайыздан  15  пайызга  чейин  көбөйгөн.  Ошону  менен  бирге  салым  акчалай формада  болушу  керек  деген  талап  коюлган.

Акыркы  жылдары  “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” бекитилген жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине айрым учурларда негизсиз, каражат менен бекемделбеген, мамлекеттик  полномочиелерге тиешелүү маселелер кошулуп кетүү практикасы түзүлүүдө.

Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесин бул полномочиелерге аткаруу үчүн зарыл болгон ресурстарды бербестен эч көзөмөлсүз кеңейте берген практика талкуу үчүн өзүнчө бир тема. Бул боюнча менден кийинки чыгып сүйлөгөн эксперттер кенениреек айтып кетмекчи.

ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегин ресурстарды кошпостон кеңейте берүү салтына жана практикасына терең тынчсыздануусун билдирип жатышат. Жергиликтүү маанидеги маселелерди Бюджеттик Кодекстин талабына ылайык финансы булактарын жана каржылоо механизмдерин бербей эле кеңейтүү практикасына тыюу салууну КР Жогорку Кеңешинен өтүнүп жатышат

Учурдан пайдаланып, бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен талкууланып келген бир нече сунуштарыбызды айта кетейин.

         КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөтүнүн жана ЖӨБ органдарынын ортосундагы бюджет аралык диалогдун форматын түзүп, аны тийиштүү Ченемдик Укуктук Акт менен бекитүү зарыл. Бул маселе боюнча Союз өнөктөштөрү менен бирге, ПРООНдун долбоорунун алкагында, жумушчу топтун деңгээлинде Финансы министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

         КР Бюджеттик кодексинде максаттуу трансферттердин статусун так аныктоо зарыл. Бул болсо максаттуу трансферттерди киреше потенциалынын бир компоненти катары эсепке алууга жана мунун негизинде теңдештирүүчү трансферттердин көлөмүн азайтууга жол бербейт.

         Теңдештирүүчү гранттар жөнүндө мыйзамды кабыл алуу, ЖӨБ органдарынын бюджеттик камсыздалгандыгын теңдештирүүнүн принциптерин жана тартибин мыйзамдар менен орнотуу керектигин.

         Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ЖӨБ органдарына адистерди келишим боюнча тартууга уруксат берген өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү; өзүнүн керектөөлөрүнө жараша жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен, штаттык ырааттаманы өз алдынча аныктоого укук берүү зарыл. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин токтому менен Өкмөткө берген тапшырмасы бар экенин бизди кубандырат. Союз дагы өз кезегинде Өкмөткө кайрылуу жөнөткөн.

Ушул коюлган маселелер чечилген болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мындан ары дагы өнүгүүсүнө оң таасир тийгизеерине ишеничтебиз.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө 2016-2018-жылдары кабыл алынган мыйзамдардын Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Баяндаманын  концепциясын иштеп чыкты.

Мына ушул, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ой-пикирлери камтылган баяндамада, жергиликтүү өз алдынча башкарууда болгон бюджеттик эле эмес, башка дагы болгон көйгөйлөр топотолгон. Аларды чечүү боюнча сунуштар дагы киргизилген.

 

Баяндаманын методологиясы башка багыттар боюнча ушул өңдүү баяндамаларды даярдоо практикасын эсепке алуу менен иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин депутаттарына, тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таратылды.

 

Мындай жумушту биз быйылкы жылы дагы улантмакчыбыз. Максатыбыз, ЖӨБ органдары менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өз ара аракеттенүүсүнүн саясий жана коммуникациялык механизмин бекемдеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө таасир тийгизген мыйзамдарды өркүндөтүүдө жана өзгөрүп турган мыйзамдарда ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктары эсепке алынышын камсыз кылуу.

 

Көңүл бургандарыңыздарга рахмат!