Анонсы МСУ / архив

Фотогалерея / архив

Баннер


2019-жылдын 24-30 – ноябрь күндөрү Түркия мамлекетинде Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзу тарабынан уюштурулган тажрыйба алмашуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын 11 шаарынын мэри катышып келишти. 
Тажрыйба алмашуу иш-чарасынын алкагында Кыргызстандан барган делегация Туркиянын бир катар мамлекеттик агенттиктери жана Сакарья, Гебзе, Фатих, Санджактепе, Бейкоз муниципалитеттери менен жоолугушуп, “Смарт муниципалдык тажрыйба” жана “Жергиликтүү өнүгүүдөгү муниципалитеттин ролу”, “Регионалдык өнүгүү долбоорлору”,  “Электрондук муниципалдык кызматтар”, “Шаардык трансорфмация долбоорлору”, “Маалыматтык система. Акылдуу карта” жана башка багыттагы маалыматтары менен таанышып, тажрыйба алмашышты.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун Башкармалыгынын төрагасы – Орловка шаарынын мэри Чанчаров Бактыбек Асаналиевич дагы катышып, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзунун башкы катчысы Фахри Солак менен мындан ары да эки тараптын тыгыз иш алып баруусу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.