Практика по организации досуга и обеспечению освещения пляжной зоны

whatsapp

Фотогалерея / архив

Баннер
Ысык-Көл облусунун Тон районуна караштуу
ТОҢ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ


ТАЖРЫЙБАНЫН АТАЛЫШЫ

 ПЛЯЖДАРДЫ ЖАРЫКТАНДЫРУУ ЖАНА БОШ УБАКЫТТЫ ӨТКӨРҮҮНҮ УЮШТУРУУ ҮЧҮН ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮ

 ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Тоң айылдык аймагынын курамына төмөнкү айылдар кирет: Тоң, Ак-Сай, Каджы-Саз. Калктын жалпы саны – 3367 адам.

 ТАЖРЫЙБАНЫ ИШКЕ АШЫРУУДА ЖЕТЕКЧИЛИККЕ АЛЫНГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР
 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун:
  • 7 - пунктчасы “жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу”
  • 10-пунктчасына “парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу”
  • 19-пунктчасына “бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү”
ТАЖРЫЙБАНЫН МАКСАТЫ
Тоң айыл аймагынын калкына бош убактыларын өткөрүүгө шарт түзүп берүү.

ТАЖРЫЙБАНЫ ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕР
Тоң айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен кошумча бөлүнгөн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө” кабыл алган токтому жана 1 000 000 сом акча каражатынын бөлүнүшү тууралуу тиркемеси (документтер тиркелди).

АТКАРЫЛГАН ИШТЕР
Тажрыйбаны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына ылайык кызматтарды сатып алуу боюнча процедуралар жүргүзүлүп, жеңүүчү аныкталды  (портал ЭГЗ тиркелди).
Жүргүзүлгөн иш-чаралар жана жыйынтыгы боюнча сүрөттөр тиркелет.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш контакттары:
Тоң АА электрондук дареги: ton.ao@mail.ru
Тоң АА башчысы Мамбетов Болотбек Омурбекович – 0772 937 022
Тоң АА жооптуу катчысы Чурекова Эрмек Каныбековна – 0701 232 670

ТОКТОМ

Госзакупка













Анонсы МСУ / архив