Практика по организации детской площадки

whatsapp

Фотогалерея / архив

Баннер
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ


ТАЖРЫЙБАНЫН АТАЛЫШЫ

Балдар үчүн аянтча

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
(2018-жылга карата)

Казан-Куйган айылында 1200 адам жашайт, алардын ичинде 14 жашка толо элек балдардын саны – 385. Айрым ата-энелер шарты туура келсе, балдарын Бишкектеги көңүл ачуучу борборлорго жана аттракциондорго алып барышат, башкалары Нарында эле көңүл ачуучу жана оюн аянтчаларын табууга аракет жасашат.

Айылдардын саны 

Калктын саны

 1 175 

 Жылдык бюджети

6001,1 миң сом

Айылда балдар чоң көчөлөрдө жана дарыянын жээгинде кароосуз ойноп жүрө беришет. Улуулар балдарга активдүү оюндар үчүн жагымдуу шарттар түзүлбөгөнүнө сарсанаа болуп жүрүшөт. Наристелер болсо мультфильм көрөт же Интернетти тиктеп отура беришет. Балдарда анда-санда гана айылдагы бала бакчанын селкинчегинде ойной алышат. Бирок ал бакчадагы селкинчектердин абалы да начар. Айылда энелер балдарын ээрчитип алып сейилдеп жүрчү жер да жок. Мына ушундан улам айылдын жашоочулары бир добуштан балдар аянтчасынын курулушун айылдын эң көйгөйлүү, чукул арада чечилиши керек болгон маселеси катары аныктап алышты. Ошентип “Жарандар аракетте” демилгелүү тобу түзүлүп, ага айыл тургундары кирди.
 
 
ТАЖРЫЙБАНЫ ИШКЕ АШЫРУУДА ЖЕТЕКЧИЛИККЕ АЛЫНГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренеси
 
ТАЖРЫЙБАНЫН МАКСАТЫ
Балдар үчүн коопсуз ойноо жана убакыт өткөрүү үчүн аянтча куруу
 
 
ТАЖРЫЙБАНЫ ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕР
  • Айылдык кенештин чечими менен балдар аянтчасын куруу үчүн жер участогу бөлүнүп берилди.
  • Айылдык кенештин чечими менен балдар аянтчасын тосмолоо үчүн 100 000 сом бөлүнүп берилди.
 
АТКАРЫЛГАН ИШТЕР
  • Алгачкы кадамдар 2017-жылдын март айында жасалып, жыл ичинде төмөнкүлөр ишке ашты: артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо максатында жашоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүлдү; калктын добуш берүүсү менен балдар аянтчасы үчүн жер участогу тандалып алынды; алдыда болчу курулуш тууралуу жамаатка маалымат берилди; каржылоо булактары табылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маселе макулдашылды;
  • Жергиликтүү кеңештин чечими менен бөлүнүп берилген жер участогу документтештирилди;
  • Жумуштарды улантуу үчүн ар бир үй кожолуктан 200 сомдон чогултулду.
  • 2018-жылдын март айында Нарын шаарына иш сапары менен КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан ЖУМАБЕКОВ жана бир катар депутаттар келген учурда демилгелүү топ балдар аянтчасын курууга жардам сурап кайрылды. КР ЖК депутаты Алмазбек БАТЫРБЕКОВ 200 000 сом көлөмүндө демөөрчүлүк жардам көрсөттү. Бул акча балдардын оюн жабдууларын сатып алууга сарпталды.
  • Июнь айында демилгелүү топтун мүчөлөрү Бишкек шаарына барышып, темир жана жыгач материалдарды сатып алып келишти.
  • Бирок бул каражат жетпей калгандыктан демилгелүү топ жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп берүүнү өтүнүп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылды. Айылдык аймак дотацияда турганын эсепке алганда көп суммага үмүт артуу да мүмкүн эмес болчу. Ошентсе да жергиликтүү кеңештин депутаттары балдар аянтчасын тосмолоо үчүн 100 000 сом бөлүп беришти.
 
Жыйынтыгы кандай болду?
Демилгелүү топ долбоор ийгиликтүү аяктайт дегенден күмөн санаган жок. Натыйжада жергиликтүү жамаат заманбап жабдылган балдар аянтчасына ээ болот; айыл тургундарында эс алуу маданияты пайда болот; ата-энелер менен балдардын ортосундагы эмоционалдык байланыш бекемдейт; айылдын көрүнүшү да оңолот. Балдар аянтчасынын курулушу жаштарга “Жарандар аракетте” демилгелүү тобуна кошулууга шыктандырды. Бул топ сурамжылоо жүргүзүп, элеттеги көйгөйлөрдү аныктап чыгып, башка дагы актуалдуу маселелерди чечүү жолдорун айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен талкуулады. Мисалы, паркты уюштуруу, өмүргө коркунуч жараткан трансформаторлорду тосмолоо жана жарык берчү устундарды тургузуу маселелери талкууланды. Сейил бакка айылдагы кадырлуу адамдын ысымы ыйгарылды. Бул аксакалдын урпактары паркты көрктөндүрүү милдетин өздөрүнө алышты. Парктын аймагын тосмолоп чыккандан кийин айыл өкмөтү көчөттөрдү сатып алды. Келечекте сейил бак элеттиктердин көңүлүн ача турган жайга айланат. Топ айылдын аймагындагы өмүр үчүн коркунуч жараткан ачык турган трансформаторлорду тосмолоого да катышты. Буга байланыштуу “Чыгышэлектр” ишканасына кайрылуу кат жолдонуп, ишкананын жооптуу кызматкерлери менен жолугушуу өтүп, элеттиктердин коопсуздугу үчүн бул чукул чаралар көрүлүшү керектиги түшүндүрүлдү. Натыйжада жаңы устун орнотулуп, өзгөчө кооптуу деп эсептелинген бир трансформатордун тегерек чети тосмолонду. Бир көчөгө жарык берүү үчүн “фандрайзинг” усулу колдонулду. Адегенде көчөнүн аталышын, кимдин ысымы ыйгарылганын билип, андан соң анын жакындарына жарык өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышканда алар макул болушту. Жумуштарды баштаар алдында демилгелүү топ санга эмес, сапатка көңүл бурат деген шарт койду. Демөөрчүлөр 3000 сомго эки көчө чырагын сатып алганда, бул жетишсиз экени, башка дагы демөөрчүлөрдү издеш керектиги белгилүү болду. Ошентип дагы беш чырак сатып берген демөөрчү табылды. Мындан башка дагы жардам берем дегендер чыкты. Ошентип 24 000 сомго сапаттуу жана энергияны үнөмдөгөн сегиз чырак орнотулду.
Чогулуштардын биринде айылдагы жарыктандырууну калыбына келтирүү иштерин уланта берүү тууралуу чечим кабыл алынып, активисттер бул максатка жергиликтүү бюджеттен 30 000 сом бөлдүртүп алышты. Натыйжада айылга дагы 20 чырак сатып алынып, жаңы электр өткөрүүчү линиялар орнотулду. Бул иште демилгелүү топ айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен тыгыз кызматташты. Жергиликтүү бийлик менен элдин биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында караңгы киргенде айыл жарык болуп, адамдар коркпой суу ташып калышты. Эл жасалган иштерди айтып бүтө албай жатат. Жарыктандырууну калыбына келтирүүдө демилгелүү топтун лидери Кубан БАБАЕВ чоң салым кошуп, Марат ИСАЕВ өзгөчө жигердүү катышты.
Эл менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы өз ара мунаса табуу, көйгөйлөрдү чечүүгө тургундарды тартуу, элдин жамааттык ишмердик механизмин бекемдөө – чоң жетишкендик. Ишке ашырылган долбоорлор адамдарга пайда алып келди. Демилгелүү топтун долбоорлоруна барган сайын көбүрөөк адамдар кошула баштады. ЖӨБ органдарынын эл алдында ачыктыгы күчөдү, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө алардын жоопкерчилиги жогорулады. Эл өзү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү максатында демилге көтөрүп жаткандан кийин жергиликтүү бийлик да четте карап турган жок. Демилгелүү топ жергиликтүү бюджетти талкуулоого жана кабыл алууга жигердүү катышты. Бул долбоорлорго чейин жергиликтүү бийлик менен калктын ортосунда ишеним жок болчу. Жарандар “жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз камын гана ойлойт” деп шектенсе, бийлик “эмне гана кылбайлы, баары бир жарандар ыраазы болбойт” деген ишенимде болчу. Биргелешкен иштер мына ушундай ишенбестикти жана шектенүүлөрдү жоюуга жардам берди.
Ишке ашырылган долбоорлор резонанс жаратып, демилгелүү топтун тажрыйбасы ооздон оозго өтүп, кошуна айылдардын активисттери кызыгып, маалымат менен бөлүшүүнү өтүнүп жатышты. Натыйжада кошуна айылдарда да демилгелүү топтор пайда болду. Демилгелүү топ жасаган ишчаралар тууралуу маалыматтар “Фейсбуктагы” баракчаларда таратылды.
 
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш контакттары:
 
Элдар уулу Ырысбек – Казан-Куйган АА башчысы,
Гүлүм Исаева – айылдык аймактын кызматкери
Тел.:+996 3522 22590
 
 
 

Анонсы МСУ / архив